
Кара-Талаа айылында 230 млн сомго курулган мектеп пайдаланууга берилди
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Талаа айылында Б. Алаков атындагы жаңы мектеп имараты ачылды. Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев айыл тургундарын, мугалимдерди жана окуучуларды куттуктап, билим берүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи.



































