Ошол эле учурда ал расмий отчеттор менен статистикалык маалыматтар гана жетишсиз экендигин, кээде кагаз жүзүндө баары жакшы көрүнсө да, жер-жерлерде чечилбей жаткан көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Аны билүүнүн эң туура жолу — элдин үнүн угуу.
Кээде кагаз жүзүндө баары жакшы көрүнгөнү менен, жер-жерлерде чечилбей жаткан көйгөйлөр болушу мүмкүн. Аны билүүнүн эң туура жолу элдин үнүн угуу.
Өзгөчө алыскы аймактарда жашаган адамдар үчүн Президент менен түз сүйлөшүү маанилүү экенин баса белгиледи. Анткени айылдарда жол, таза суу, медициналык тейлөө, билим берүү, жумушсуздук сыяктуу маселелер дагы деле бар. Айрым учурларда мындай көйгөйлөр жергиликтүү деңгээлде чечилбей, жогорку бийликке жетпей калышы мүмкүн.
Түз баарлашуунун пайдасы
Президент эл менен түз жолукканда көйгөйлөрдү ортомчулардан эмес, ошол жерде жашаган адамдардын өз оозунан угат. Ошол эле учурда жергиликтүү жетекчилердин иши кандай жүрүп жатканын да көрүүгө мүмкүнчүлүк болот.
Мындай жолугушууларды жөн гана элдин арыз-муңун угуу катары кабыл албаш керек. Бул бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин көрсөтүүнүн да бир жолу.



















