Neuralink компаниясы көрүүнү калыбына келтирүүчү Blindsight импланты колдонууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Илон Маск X тармагындагы баракчасына жазды.
Аппарат инженердик жактан даяр. Регулятордун уруксатын гана күтүп жатабыз.
Илон Масктын айтымында, бул имплант такыр көрбөгөн же эч качан көрбөгөн адамдарга да көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Blindsight компаниянын биринчи имплантынан айырмаланып иштейт: ал мээден сигналдарды окубайт, тескерисинче, мээге визуалдык маалыматты жазат. Камерадан алынган сүрөт зыян тарткан көздөрдү жана көрүү нервдерин айланып өтүп, түздөн-түз көрүү кабыгына берилет.
FDAнын статусу
2024-жылдын сентябрында FDA аппаратка «прорывдык технология» статусун ыйгарган. Бул статус кароо процессин тездетет, бирок импланттын коопсуз же натыйжалуу экенин ырастабайт жана аны сатууга уруксат бербейт. Учурда аппарат эксперименттик статуста турат.
Жаныбарлардагы сыноолор
Буга чейин компания жаныбарларга узак мөөнөттүү сыноолорду өткөргөн: 2025-жылдын ортосуна карата бир маймыл имплантты үч жыл бою алып жүргөн.




















