Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, иш-чара шаар мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өттү. Ал фонтандардын ачылышы биргелешкен эмгектин жана борбор калааны көрктөндүрүү боюнча долбоорлорду ырааттуу ишке ашыруунун натыйжасы экенин белгиледи.
Бүгүн Бишкекте көрктөндүрүү боюнча чоң иштер жүрүп жатат. Жаңы фонтандарды түзүү иштери июлда башталып, үч айдын ичинде аяктап, объекттерди ачууга даярдадык. Бул өзгөрүүлөр биргелешкен аракеттердин аркасында мүмкүн болду. Эң негизгиси — биздин бардык долбоорлорубуз тургундар үчүн ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө, кооздукту сактоого жана жашыл аймактарды өнүктүрүүгө багытталган.
«Алтын балыктар» фонтаны толугу менен жаңыланып, инженердик системалары модернизацияланды. Ошол эле учурда объекттин тарыхый көрүнүшүн сактоого өзгөчө көңүл бурулду.
Киевская менен Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтан курулду: бири имараттын алдында, экинчиси сквердин аймагында жайгашкан.
Кызматкерлерди сыйлоо
Иш-чаранын жүрүшүндө Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын жогорку натыйжаларды көрсөткөн кызматкерлерин сыйлоо аземи болду.
Сыйлык алгандар
Эки бөлүмдүн 20 кызматкерине ар бирине 50 миң сомдон акчалай сертификаттар тапшырылды. Буга чейин дагы 10 кызматкер ушундай эле сертификаттарды алган.
Иш-чаранын алкагында шаар тургундары үчүн сый тамактар уюштурулуп, «Акак» комузчулар ансамбли өнөр көрсөттү.
























