Форумдун ишине Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Финляндия жана Япониянын Кавасаки шаарынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Түркмөнстан менен Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Форумдун катышуучулары жана негизги темалары
Иш-чарага Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары, Парламенттин депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана БУУнун Башкы катчысынын балдарга карата зомбулук маселеси боюнча Атайын өкүлү доктор Наджат Маалла М’жид да катышты.
Пленардык сессияда балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр өз өлкөлөрүнүн балдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча улуттук стратегияларын тааныштырышты.
Андан соң форум эки панелдик сессиянын алкагында уланды: «Инклюзивдик чөйрөнү өнүктүрүү жана бардык балдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу» жана «Санариптик чөйрөдө балдарды коргоо жана психологиялык бакубаттуулук».
III Эл аралык форум Кыргызстанда өтөт
Белгилей кетсек, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн III Эл аралык форуму 2027-жылы Кыргыз Республикасында өтөт.























