Бишкекте эркектер жана аялдар арасындагы бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан 170 спортчу катышты. Бул тууралуу Kaktus.media маалымдады.

Чемпионат Кыргызстандын улуттук курама командасын алдыдагы эл аралык сезонго даярдоо үчүн уюштурулду. Бул сезондо 2028-жылкы Олимпиада оюндарына лицензиялык турнирлер өтөт.

Быйылкы мелдеште биринчи жолу электрондук добуш эсептөө системасы колдонулду. Рингдин сыртында мониторлор орнотулуп, ар бир раунддун аягында машыктыруучулар ар бир калыстын кайсы боксчуга канча упай бергенин көрө алышты. Мындай ыкма эл аралык мелдештерде көптөн бери колдонулуп келет.

Чемпиондор аныкталды

Эркектер арасында салмак категориялары боюнча чемпиондор:

Салмак категориялары боюнча чемпиондор

50кг — Ясур Таалайбек уулу
55кг — Санжай Сейдакматов
60кг — Азизбек Ходжаев
65кг — Омар Ливаза
70кг — Ихтияр Нишонов
75кг — Сыргак Абдыжапар уулу
80кг — Алмаз Орозбеков
85кг — Мухамедазиз Закиров

Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Тологон уулу бул чемпионатта өзгөчө жаңы жылдыздарды байкабаганын белгиледи. Анын айтымында, биринчи орундарды негизинен курама командада беш жылдан бери ойноп, эл аралык мелдештерде өлкөнү таанытып жүргөн спортчулар ээлешти.

Белгилүү болгондой, чемпионат өлкө курамасына спортчуларды тандоо үчүн өткөрүлөт. Ал эми кийинки жыл жооптуу старттарга толгон, анда Олимпиада оюндарына лицензияларды жеңип алуу керек.
Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Тологон уулу

Кыргызстандын бокс федерациясынын президенти Кунай Медетхан чемпионаттын жыйынтыктары курама команданы түзүүдө чечүүчү ролду ойной турганын баса белгиледи.