
Nomad Heritage көлүнүн панорамалык көрүнүшү — Royal Central Park.
Manas Square – Royal Central Park аянтында келечектеги тургундар, үй-бүлөлөр жана балдар искусство, музыка жана жаркын эмоциялар дүйнөсүнө сүңгүп киришет. Коноктор Бишкектин кооз күн батышына суктанып, жандуу акустикалык обондорду угуп, музыкалуу фонтандардын эксперименталдык шоосун көрө алышат. Ошондой эле гастрономиялык зоналар, оюн аянтчалары жана чыгармачыл мастер-класстар уюштурулат.

Nomad Heritage көлүнүн учурдагы курулуш процессинен сүрөттөр.
Өзгөчө белгилей кетчү жагдай — 23-майдагы эксперименталдык фонтан шоосу Кыргызстандагы эң ири музыкалуу фонтан паркын түзүү долбоорунун башталышы болуп саналат. Парктын расмий ачылышы 2026-жылдын июнь айына пландалган.
Мындан тышкары, бардык катышуучулар жалпы байге фонду 260 000 сомго чейинки утуш ойнотууга катыша алышат. Байгелердин катарында iPhone 17 Pro Max, ар кандай тиричилик техникалары жана жалпы баасы 60 000 сом болгон төрт климаттык желдеткич бар.

Lyra Oasis аймагындагы Palamedes шахмат аянтынын панорамалык көрүнүшү.
Сингапурдагы Marina Bay, Нью-Йорктогу Hudson Yards жана Инчхондогу Songdo International Business District сыяктуу дүйнөгө белгилүү All-in-One мегадолбоорлор ири жашыл аймактары, белгилүү архитектуралык объектилери жана комплекстүү инфраструктурасы менен айырмаланып, эл аралык стандарттагы заманбап жашоо чөйрөсүн калыптандырып келет.
Дал ушул дүйнөлүк тенденцияны улантып, Royal Central Park Бишкектеги биринчи All-in-One форматындагы 53,5 гектар аянтты камтыган мегадолбоор болуп калды. Анын 71% аймагы жашыл зоналарга, суу объектилерине жана инфраструктурага бөлүнгөн. Долбоор билим берүү, медициналык жана коммерциялык инфраструктураны, заманбап турак жай комплекстерин жана бийиктиги 50 кабатка чейинки кеңсе мунараларын бириктирет.
Долбоордун өзгөчө сыймыгы — кыргыз маданий мурасын заманбап архитектура менен айкалыштырган Nomad Heritage Lake объектиси. Бүгүнкү күндө ландшафттык зоналардын, сейил бактардын жана кыргыз рухун чагылдырган сегиз символикалык аттан турган маданий комплекстин 90%дан ашыгы бүткөрүлдү.





