Бүгүн, 31-октябрда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылындагы Б. Алаков атындагы жалпы билим берүү мектебинин жаңы имараты менен таанышты. Имарат 230 млн сомго курулган.

Салтанатта Төрага айыл тургундарын, мугалимдерди, ата-энелерди жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, билим берүү тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Анын айтымында, буга чейин жергиликтүү кеңештин депутаттары Кара-Талаа айылына жаңы мектеп курууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Эми айыл тургундарынын көптөн берки тилеги ишке ашты.

Мурда бир мектептин курулушу он жылга чейин созулган учурлар болгон. Ал эми азыр Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөбүздө ири өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Акыркы беш жылда 700гө жакын билим берүү объектиси бүткөрүлүп, 500гө жакын завод-фабрика курулду
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев

Марлен Маматалиев өзүнүн тажрыйбасынан мисал келтирип, 2012-жылы Өкмөттө иштеп турганда туулуп-өскөн айылына мектеп куруу демилгесин көтөргөнүн, бирок анын курулушу он жылга жакын убакыттан кийин гана аяктаганын айтты.

Акыркы беш жылдагы жетишкендиктер

700билим берүү объектиси бүткөрүлдү
500завод-фабрика курулду

Төрага 2027-жылы республика боюнча дагы 112 мектеп жана 40 оорукана куруу пландалып жатканын маалымдады. Алардын арасында оор илдеттерди дарылоо жана орган алмаштыруу операцияларын жасоо мүмкүнчүлүгү бар заманбап оорукана да болот.

Ошондой эле ал ар бир айылдын өзгөчөлүгүнө, жаратылыш ресурстарына жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша өндүрүш ишканаларын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.