Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков кызы Айгеримди турмушка узатты. Бул тууралуу ырчы Каныкейдин социалдык тармактагы баракчасынан белгилүү болду.

Салтанаттуу иш-чара Бишкектеги Sheraton мейманканасында өттү. Видеодо депутат кызын колтуктап, кыз узатуу аземине алып баратканы көрүнөт.

Ырчы Каныкей коноктордун алдында ырдап, болочок келинге бакыт жана үй-бүлөлүк ынтымак каалады. Кадрлар социалдык тармактарга тарады.

Депутаттын кызынын күйөөсү ким болгону жана үйлөнүү тою кайсы күнгө белгиленгени азырынча белгисиз.