Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Дамир Осмонов медицина илиминин өнүгүшүнө кошкон салымы жана эл аралык илимий кызматташтыкты бекемдегени үчүн сыйланды.

Сыйлыкты министрге Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жеке өзү тапшырды.

Илимпоздор менен жолугушуулар

Иш-чаранын алкагында Дамир Осмонов белгилүү окумуштуулар, анын ичинде 2015-жылы химия боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Азиз Санджар менен жолугушту.

Мындан тышкары, министр BioNTech компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Угур Шахин менен да жолугушту. BioNTech Pfizer менен бирге COVID-19га каршы алгачкы вакциналардын бирин иштеп чыгууга катышкан.