Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Толобеков «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз киносунда долбоорлорду каржылоо тартиби өзгөргөнүн билдирди. Буга чейин «Кыргызфильм», «Кыргызсериал» жана департамент долбоорлорду өз алдынча карап, каржылоо маселесин өздөрү чечишчү. Мындай тартип кээде иштин кечигүүсүнө жана түшүнбөстүктөргө алып келген.

Эми бардык долбоорлор бирдиктүү тартипте каралат. Адегенде сценарий «Кыргызфильмде» редакциялык текшерүүдөн өтөт, андан кийин департаменттин 12 адамдан турган эксперттик комиссиясынын кароосуна коюлат. Директордун айтымында, бул ыкма долбоорлорду тандоодо ачыктыкты камсыздоого, сапатсыз сценарийлерди каржылоону алдын алууга жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

Биздин максат — сапаттуу сценарийлерге артыкчылык берүү жана каржылоодо ачыктыкты камсыздоо. Эки баскычтуу система коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө жардам берет.
Кинематография департаментинин директору Талантбек Толобеков

Кинолордун санынын өсүшү

2–3мурда жылына тартылган толук метраждуу фильмдер
14быйыл тартылып жаткан толук метраждуу фильмдер

Жаңы тартип киргизилгенден кийин кинопродукциянын көлөмү да өстү. Эгер мурда жылына 2–3 гана толук метраждуу фильм тартылса, быйыл бир жылдын ичинде 14 тасманын съёмкасы башталды. Ошондой эле, мурда «Кыргызфильм» негизинен автордук жана фестивалдык фильмдерге басым жасаса, быйыл коммерциялык багыттагы долбоорлорду да ишке ашыра баштады. Бул мамлекеттик киностудиянын коммерциялык рынокко чыгышына шарт түзөт.