ИнсанЭскерүүлөр: 57
Реджеп Тайип Эрдоган — Түркиянын премьер-министри (2003—2014), Түркиянын президенти (2014-жылдан тартып).

Украина президенти Владимир Зеленский CNN Türk телеканалына берген маегинде Түркия лидери Режеп Тайип Эрдогандан Владимир Путин менен жолугушууну уюштурууга көмөктөшүүнү суранды. Киев Анкараны чыр-чатакты жөнгө салууда потенциалдуу ортомчу катары көрүүдө.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновго Түрк медициналык конгрессинин ардак грамотасын тапшырды. Салтанат Түркияда Азиз Санджар атындагы Түрк саламаттык сактоо институтунун (TÜSEB) сыйлыктарын тапшыруу алкагында өттү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түрк медициналык конгрессинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, сыйлыкты Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жеке өзү тапшырды. Андан соң министр дүйнөлүк деңгээлдеги эки көрүнүктүү окумуштуу — Нобель сыйлыгынын лауреаты Азиз Санжар жана BioNTech компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Угур Шахин менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 29–30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу Президенттик Администрация билдирди. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы «Бештепе» паркына барып, Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланып, Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитине катышты.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Жолугушууда Жапаров түрк элин Республика күнү менен куттуктап, жылуу кабыл алганы үчүн Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 30-октябрда Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары бекемдөө келечегин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, иш сапарынын алкагында Анкара шаарында Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары чыңдоонун келечеги талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Анкарадагы Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматында айтылат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда, Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитинин алкагында Анкарадагы «Бештепе» паркында Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз ордосундагы кыздар сунган боорсокторду биринчи аракетте ала алышкан жок. Күлкүлүү учур тартылган видео социалдык тармактарга тарады.

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган түрк мамлекеттеринин экономикалык, саясий, маданий жана технологиялык жактан тыгыз биригүүсүнө чакырды. Ал муну 13-саммит алдында жарыяланган «Түрк дүйнөсүнүн кылымы: тилектештиктен интеграцияга» аттуу макаласында билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакырышы менен 29-30-октябрда Анкара шаарына иш сапарга келет. Бул сапардын алкагында Президент Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитинде катышат. Саммиттин негизги максаттары – аймактык жана эл аралык маселелерди талкуулоо, ошондой эле ТМУнун мамлекет башчыларынын Анкара декларациясына жана кызматташууну бекемдөө максатындагы башка документтерлерге кол коюуну…
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.