Бишкек шаарында көп жылдан бери курулушу токтоп турган алты турак жай комплексинин көйгөйүн чечүү боюнча чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Министр Нурдан Орунтаев 31-октябрда аталган объектилердин үлүш ээлери менен жолугушуп, курулушу токтоп калган үйлөрдүн абалын жеринде карады. Жолугушууда жарандардын көйгөйлөрү угулуп, ар бир объект боюнча өзүнчө чечүү жолдору талкууланды.

Токтоп калган объектилердин арасында Жибек-Жолу көчөсүндөгү 295 жана 297-үйлөр, Мичурин көчөсүндөгү 121Б дарегиндеги турак жай, Көк-Жар конушундагы Куйручук жана Молдокулов көчөлөрүндө жайгашкан комплекстер, Таш-Дөбө айылындагы жана Кипкалов көчөсүндөгү объектилер бар.

Токтоп калган объектилер

6турак жай комплекси
1000+батир
2013–2022курулуш башталган жылдар

Аталган үйлөрдүн курулушу 2013–2022-жылдар аралыгында башталган. Батирлердин жалпы саны миңден ашат. Айрым объектилердин курулушу он жылдан ашык убакыттан бери токтоп турат.

Маалыматка ылайык, курулуш иштеринин токтоп калышына компаниялардын каржылык кыйынчылыктары, үлүш ээлеринин алдындагы келишимдик милдеттенмелердин аткарылбашы жана айрым объектилердеги мыйзам бузуулар себеп болгон. Натыйжада жүздөгөн жарандар көп жылдан бери сатып алган батирлерине ээ боло албай келишет.

Министрлик көйгөйлөрдү чечүү үчүн курулуш компанияларына тышкы башкарууну киргизүү боюнча чечимдер кабыл алынарын билдирди. Ошондой эле компаниялардын уюштуруучуларына жана жетекчилерине карата тиешелүү чараларды көрүү максатында укук коргоо органдарына кайрылуулар жөнөтүлөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө ар бир объект боюнча өзүнчө чечүү жолдору белгиленди. Министрлик жарандардын укуктарын коргоо жана курулуштун аякташы үчүн тийиштүү иш-чараларды көрөөрүн билдирди.