«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында эл аралык туристтик жана куткаруу борборун куруу пландалып жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы, Альпинизм жана скалолазание федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди.

Эдуард Кубатовдун айтымында, туризмдин жана треккингдин өсүшүн байкап, федерация төрт жыл мурун эле ушундай сунуш менен парктын жетекчилигине кайрылган. Бирок жерге жеткиликтүүлүк маселесинен улам долбоор кечигип келген. Эми болсо, туруктуу куткаруучу кызматты камтыган эл аралык борборду куруу үчүн тиешелүү жерди аныктап жатышат.

Борбордо куткаруучулардын туруктуу бөлүмү иштеп турат. Алар кезекчилик режиминде күнү-түнү кезектешип, кырсык учурунда тез арада жардам көрсөтүшөт.

Борбордун иштөө принциби

8куткаруучунун кеминде бир бөлүмү
4операция учурунда иштей турган кызматкер
4кезекте турган кызматкер

Бул долбоордун зарылдыгы акыркы окуялар менен да далилденди. Бул жерде туристтердин коопсуздугу өтө маанилүү экенин көрсөткөн окуялар болгон.

  • 7-ноябрь — Электро чокусунун районунда 14 жаштагы Амир Кунакунов жоголуп кеткен