Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу Ала-Арчадагы окуядан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине карата көптөгөн суроолор жаралып жатканын айтты. Анын айтымында, коомчулук жана парламент бул маселелер боюнча так жоопторду алууга укуктуу.
Депутаттын кесиптеши Улугбек Ормонов бул кырдаалды изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.
Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев фракциялардын лидерлери таң эрте кеңеш эми, бул маселе талкууланганын билдирди. Ал учурда тиешелүү түзүмдөрдүн иштеп жатканын белгилеп, жыйынтыгы боюнча маалымат берилерин айтты.
Иштеп жаткан комиссия, Башкы прокуратура жана Аскердик прокуратура бар. Мындай учурлардын алдын алуу үчүн тоолуу аймактарда трекерлер, Starlink жана ортолук базалар керек.








