Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 9-ноябрдын күнү саат 16:00дө Электро чокусунун тегерегинде 2011-жылы туулган жарандын денесин табышты. Ал жерде таштуу аймактар болгон экени айтылган.
Окуя болгондун бардык жагдайларын аныктоо үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана куткаруу кызматтары жерде иштеп жатышат
Алдын ала маалымат боюнча, баланын казалына катуу суук таасир эткен болушу мүмкүн. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн укук коргоо органдары жана куткаруу кызматтары иш алып барышууда.
Окуянын өнүгүшү
- 7-ноябрь, 19:02
Өспүрүм 112 номерине чалып, Адыген чокусунан түшүүдө адашып калганын билдирген
- 7-ноябрь, түнкү убакта
"Эдельвейс" издөө тобу Электро чокусуна карай жол тарткан
- 8-ноябрь
Издөө иштери кошумча күчтөр менен күн бою уланган
- 9-ноябрь, 16:00
Баланын денеси табылган
Эскерте кетсек, бала 7-ноябрда үйүнөн чуркоого чыгып кеткен. Ал Ала-Арчадагы жарыштарка катышууну каалаган, бирок жашына байланыштуу сынакка киргизилген эмес. Андан кийин ал өз алдынча Адыген өрөөнүнүн тарабына барып калган.









