Ала-Арча тоолуу аймагында жоголуп кеткен Амир аттуу жаранды издөө боюнча издөө иштери жүрүүдө. Издөө операциясынын маанилүүлүгүн белгилеп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиси Канатбек Чыныбаев тик учак менен окуя болгон аймакка учуп кетти.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн куткаруучулар атайын техникалар менен аймакка жөнөтүлгөн. Nomad булагынын маалыматы боюнча, куткаруучулардын издөөгө аттанган учурлары видеокадрларга тартылган.

Видео: Nomad

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын орун басары Алмазбек Асанов Амирди издөө иштери кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Ранее по темеАла-Арча жаратылыш паркынан жоголуп кеткен өспүрүмдүн денеси табылды