Ала-Арча тоолорунда каза болгон Амир Кунакуновдун классташы жана жакын досу баланын акыркы кат алышууларын интернетте бөлүштүдү. Амир трагедия болгонго чейин тоолордон досуна «тегерек» форматындагы видео-билдирүү жөнөткөн. Бул видео социалдык тармактарда талкууланып жатат.

Амирдин классташы Мусаев каза болгон баланын мүнөзүнө токтолуп, аны эрктүү, чынчыл жана максаттуу жигит катары эске алды. Мусаевдин айтымында, Амир атасы камактан жаткандыгына байланыштуу тынчсызданып жүргөн, бирок анын депрессия белгилери байкалбаган.
Ошондой эле досу Амир аны менен бирге тоого чыгууну сунуштаганын, бирок өзү андан тоого барбоону айтып, кайтарып калганын айтты. Амир бул сунушту кабыл алган болсо да, кийинчерээк тоого жалгыз кеткен.








