Жогорку Кенештин отурумунда Ала-Арчадагы трагедия боюнча талкуу өттү. Депутат Улукбек Карыбек уулу издөө-куткаруу иштери учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кандай кадамдарды жасаганын терең изилдөө зарыл экенин белгиледи. Ал окуядан улам каза болгон 14 жашар Амир Кунакуновдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруусун билдирди.
Парламентарий кырдаалдын хронологиясын расмий түрдө суроо менен чыгарууну сунуштады. Ал боюнча окуя тууралуу билдирүү саат 07:00дө түшкөн учурдан тартып, ар бир этапта ким, качан жана кандай чечимдерди кабыл алганын так көрсөтүү керек деп баса белгиледи.
Улукбек Карыбек уулу куткаруучулардын ишиндеги техникалык кемчиликтерге, атап айтканда радиобайланыш каражаттарынын жоктугуна жана тик учактын, башка техникалардын узак күтүлгөнүнө көңүл бурду. Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык регламенттерин кайра карап чыгуу жана кырдаалдарга ыкчам жооп берүүнү камсыз кылуу зарыл.
Ким жана кандай чечимдерди качан кабыл алганын аныктоо керек. Укук коргоо органдары жагдайларды кылдат изилдеп, материалдарды Жогорку Кенештин тиешелүү комитетине берүүсү зарыл. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн жооптуу кызматкерлерди тартипке тартуу керек.
Ал эми депутат Улукбек Ормонов окуянын тереңине кирүү үчүн атайын депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Жогорку Кенештин төрагасы бул иш боюнча прокуратура тарабынан тергөө жүрүп жатканын билдирди.










