Ала-Арча капчыгайында 14 жаштагы өспүрүм Амир Кунакуновдун каза болушунун себептерин аныктоо максатында мамлекеттик текшерүүлөр башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев маалымат берди.
Маматалиевдин айтымында, учурда Башкы прокуратура, Аскер прокуратурасы жана атайын комиссия окуянын айланасындагы жагдайларды изилдеп жатат. Иликтөө иштери аяктагандан кийин тиешелүү мамлекеттик органдар парламентке бул боюнча толук отчет бериши шарт.
Ошондой эле парламент төрагасы бул маселени Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында же жалпы парламенттик жыйындын күн тартибинде өзүнчө кароого мүмкүн экенин белгиледи.
Окуянын өнүгүүсү
Амир Кунакунов 7-ноябрда Адыгене чокусунан түшүп келе жатканда дайынсыз жоголуп калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өспүрүм ошол күнү саат 19:02де 112 кызматына чалып, адашып калганын билдирген.
Геолокациялык маалыматтар баланын Электро чокусунун аймагында экенин көрсөткөн. 9-ноябрда саат 16:00 чамасында Амирдин сөөгү ошол аймактагы таштардын арасынан табылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына таянсак, бала катуу үшүп каза болгон болушу мүмкүн.









