Жогорку Кенеш Ала-Арчадагы трагедия боюнча атайын комиссиянын иши аяктагандан кийин толук маалыматты алат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында спикер Марлен Маматалиев айтты.

Комиссия иштеп жаткан учурда, анын корутундуларын күтөлү.
Марлен Маматалиев

Анын айтымында, депутаттар болгон окуя боюнча маалыматтарды алууну башташты. Маалыматтар мурунку күндөрү да келип жаткан жана аларды чогултуу иштери уланууда.

Андан сырткары, жыйынтык чыгаруучу атайын комиссия иштеп жатат. Бул багытта Башкы прокуратура, анын ичинде аскердик прокуратура өз иштерин жүргүзүүдө. Биз бул маселе боюнча сөзсүз түрдө маалымат сурайбыз жана аны алабыз.
Марлен Маматалиев

Спикер комиссиянын жыйынтыгы алынгандан кийин, бул маселе комитеттин же Жогорку Кенештин өзүнүн атайын жыйынында кошумча каралышы мүмкүн экенин белгиледи.