Бул жыл ичинде Социалдык фонд бир катар райондук башкармалыктар үчүн жаңы имараттарды сатып алды, ал эми айрым жерлерде заманбап жайлар курулду. Бул тууралуу «Ачык кабинет: жоопкерчилик зонасы» медиа долбоорунун алкагында фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымдады.
Жаңы имараттардын алгачкы тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Бишкек шаарындагы Октябрь райондук башкармалыгы үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниядан ыңгайлуу жайгашкан имарат сатып алынды.
- Ленин райондук башкармалыгы үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддон 700 чарчы метр аянты бар имарат алынды.
- Чоң-Алай райондук башкармалыгынын эски имараты бузулуп, анын ордуна заманбап эки кабаттуу имарат курулду.
- Алай райондук башкармалыгынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөлөрдөн өткөрүлдү.
- Манас районунда жаңы эки кабаттуу имарат курулду.
Учурда Биринчи май жана Сокулук райондук башкармалыктары үчүн жаңы имараттардын курулушу башталды. Аларды 2027-жылдын жай айларынын аягында же күз айларынын башында пайдаланууга берүү пландалууда.
Мындан тышкары, фонддун каражаттары башкаруунун ички абалын жакшыртууга да жумшалууда.












