Тоолордо кырсыктардын участишы көбөйүп жаткан учурда, Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Аматов Ала-Арча өрөөнүндө альпинисттик лагерди жана куткаруучу пунктту кайра куруу боюнча демилгесин билдирди. Депутат бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдү.

Анын айтымында, чокуларга чыгуу үчүн катуу тартип, көзөмөл жана коопсуздуктун заманбап чараларын киргизүү талап кылынат. Азыркы учурда жаштар жана блогерлер арасында экстремалдык туризмдин популярдуулугу өсүп, рекорддорду орнотууга умтулуу көбөйүп жаткандыгы белгиленди. Бирок контент алуу үчүн жасалган аракеттер көп учурда өмүрлүү тобокелдиктер менен коштолууда.

Кырсыктардын алдын алуу максатында төмөнкү чараларды ишке ашыруу сунушталууда:

  • Маршрутка чыгуудан мурун бардык туристтерди жана альпинисттерди алдын ала каттоодон өткөрүү
  • Байланыш каражаттары жана геолокациялык системалар менен камсыздоо
  • Татаал жолдордо тажрыйбалуу гиддердин коштоосу
  • Маршрутка чыгуу жана кайтып келүү убактысын так белгилөө