Бул тууралуу 29-октябрда Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин европалык компаниянын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар көпүрөнүн курулуш долбоорун талкуулашып, курулуш жүргүзүлө турган аймакты биргеликте карап чыгышты.
Планга ылайык, долбоорду 2027-жылдын аягына чейин бүтүрүү каралууда. Эгерде долбоор ишке ашса, көпүрө Гиннесстин рекорддор китебине киргизилмекчи.
Долбоор ишке ашса, көпүрө дүйнөдөгү эң узун айнек асма көпүрө болуп, аны Гиннесстин рекорддор китебине киргизүү пландалууда.
Мындан тышкары, Тепши платосунан Теке-Тоо тоосуна жана шаркыратмага чейин экологиялык жөө жүрүү жолун уюштуруу да каралууда. Бул долбоорлор парктын туристтик инфраструктурасын кеңейтүүгө жана жергиликтүү, чет өлкөлүк туристтер үчүн жаңы эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, буга чейин «Ала-Арча» жаратылыш паркында асма жол пайдаланууга берилип, эс алуу үйлөрү курулган. Учурда беш жылдыздуу мейманкананын курулушу аяктоо алдында турат.















