Токмок шаарындагы оорукананын имаратын жаңылоо боюнча негизги иштер бүткөн. Бул оорукана дээрлик 60 жылдан бери ушундай масштабдуу жаңылоону көрө элек болчу.

Реконструкция учурунда имараттын ички коммуникациялары толугу менен алмаштырылды. Ошондой эле кабыл алуу бөлүмү кеңейтилип, заманбап операцияларды жүргүзүү үчүн бардык шарттар түзүлдү.

Номад ТВ каналынын маалыматына ылайык, алдыдагы эки жуманын ичинде ооруканага эмеректер жана медициналык жабдыктар орнотулат. Андан кийин эле мекеме бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Мындан тышкары, келечекте бул жерде мамлекеттик эсептен муундарды алмаштыруу боюнча акысыз операцияларды өткөрүү пландалууда.