Ала-Арча улуттук паркынын конокторуна GPS-трекерлерди берүү системасын киргизүү мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Бул демилге туристтер жоголуп кеткен учурда аларды издөө процессин жеңилдетүү максатында сунушталган. Парктын директору Кубанычбек Жекшенбековдун билдирүүсүнө караганда, туристтер QR-код аркылуу катталып, андан соң атайын трекерди алып, тоого чыгууда аны тагынышы мүмкүн.

Сунушталган долбоордун алкагында парктын кире беришинде атайын киоск орнотуу каралууда. Учурда бул маселе Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте каралып жатат.

Ошондой эле, парктын жетекчилиги 14 жаштагы Амирдин жоголуп кеткени тууралуу маалыматты социалдык тармактардан гана 9-ноябрда билгендигин айтты. 8-ноябрда түндүзү милиция парктын кире беришиндеги камералардын жазууларын текшерген, бирок өспүрүмдүн сырткы келбети тууралуу маалымат жетишсиздигинен улам, ал парктын конокторунун арасында болгон же болбогонду аныктоо мүмкүн болгон эмес.