Жогорку Кенеш жарандарга кызмат көрсөтүү маселелери боюнча депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул комиссия мамлекеттик органдардын ишиндеги кемчиликтерди текшерүү менен алектенет.
11-ноябрда өткөн парламенттин жыйынында спикер Марлен Маматалиев мурда депутат Улугбек Ормоновдун Ала-Арча жаратылыш паркында Амир Кунакуновдун каза болушу боюнча комиссия түзүүнү сунуштаганын эске салды. Ошондой эле «Эл умуту - Ата-Журт» фракциясынын катышуусу менен калкка көрсөтүлүүчү кызматтарды — калкка тейлөө борборлорунан тартып, куткаруу кызматтарынан жана тез жардамга чейинки багыттарды текшерүү боюнча сунушу түшкөнүн билдирди.
Комиссия кызмат көрсөтүүнүн методологиясын жана иштеги кемчиликтерди карап чыгат. Адамдар электр энергиясы өчүрүлгөндө операторлорго чалып жетпегендигинен да даттанууда.
Комиссиянын иши мамлекеттик кызматтардын сапатын жана алардын кантип көрсөтүлөрүн изилдөөгө багытталган. Анын алкагында кызмат көрсөтүү тартиби жана жарандардын даттануулары каралат.
Комиссиянын курамы
- Нурбек Сыдыгалиев ("Ишеним")
- Чолпон Эсенаманова ("Ала-Тоо")
- Айгуль Карабекова ("Ынтымак - Мекенчил")
- Улугбек Ормонов ("Эл умуту - Ата-Журт")
- Табылды Муратбеков ("Эл умуту - Ата-Журт")
- Медина Кайрылбекова ("Элдик")
- Улукбек Карыбек уулу ("Элдик")
- Гульшаркан Култаева ("Ишеним")
- Мавлюда Калбердиева ("Ала-Тоо")

















