Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чара Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында өттү. Объекттин ачылышы онлайн форматта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өтүп, өлкөнүн 32 калктуу конушунда бир эле учурда ишке киргизилди.
Долбоордун алкагында Чаек айылында жалпы 60 чакырым суу түтүктөрү тартылды. Долбоордун сметалык наркы 365 миллион сомду түзөт.
Айылдардагы иштердин көлөмү
Ар бир калктуу конушта суу түтүктөрүн тартуу жана резервуарларды куруу боюнча төмөнкүдөй иштер аткарылды:
- Узун-Булак — 30 чакырым суу түтүгү, ар бири 500 куб метрлик эки резервуар, эки башкы горизонталдуу дренаж.
- Ак-Татыр — 17,5 чакырым суу түтүгү, 500 куб метрлик бир резервуар, 100 куб метрлик учурдагы резервуар калыбына келтирилди, үч башкы суу топтоочу камера орнотулду.
- Чукур — 10 чакырым суу түтүгү, жалпы сыйымдуулугу 250 куб метр болгон эки учурдагы резервуар калыбына келтирилди, башкы горизонталдуу дренаж курулду.
- Базаркан — 1,6 чакырым суу түтүгү, 100 куб метрлик бир учурдагы резервуар калыбына келтирилди, эки башкы суу топтоочу камера орнотулду.
- Арал жана Кичи-Арал айылдарында — жалпы 9,4 чакырым суу түтүгү, 70 кудук жана 100 куб метрлик бир резервуар курулду.
- Беш-Терек айылында — жалпы 8 564 метр суу түтүгү тартылды.
Ошондой эле 25 кВ кубаттуулуктагы бир трансформатор орнотулду.
60 чакырым Жалпы тартылган суу түтүктөрүнүн узундугу
Чаек айылында жана ага караштуу айылдарда жалпы 60 чакырым суу түтүктөрү тартылды.




























