Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 5-ноябрга караган түнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймагында, ошондой эле Нарын облусунда айрым жерлерде жаан жаайт, ал эми тоолуу райондордо кар түшөт.

Жалал-Абад жана Баткен облустарында айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт деп болжолдонууда.

Шамал жана температура

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, айрым жерлерде 15–20 метрге чейин күчөйт.

Бишкекте түнкүсүн +6…+8, күндүз +12…+14 градус болот. Ошто түнкүсүн +7…+9, күндүз +14…+16 градус күтүлөт.

Аймактар боюнча аба температурасы

+3…+8Чүй облусу (түн)
+12…+17Чүй облусу (күн)
+1…+6Талас облусу (түн)
+11…+16Талас облусу (күн)
+5…+10Баткен, Ош, Жалал-Абад (түн)
+12…+17Баткен, Ош, Жалал-Абад (күн)
+1…+6Ысык-Көл (түн)
+10…+15Ысык-Көл (күн)
Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймагында, ошондой эле Нарын облусунда айрым жерлерде жаан жаайт, тоолуу райондордо кар түшөт.
Кыргызгидромет