Жумгал районунун жетекчилиги калктын көйгөйлөрү менен жеринен таанышуу максатында айыл аймактарына иш сапарларын баштады. Ага райондук соттун төрагасы Куралбек Бектемиров, райондун прокурору Бектурган Пазилов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Орунбай Кочкоров жана УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Жумгал райондук бөлүмүнүн башчысы Асанкалый Султанов катышууда.

Алыскы Миң-Куш айыл аймагында өткөн көчмө жыйында жергиликтүү тургундардын ой-пикирлери, суроолору жана талаптары угулду. Жолугушуунун башкы максаты — элдин көйгөйлөрүн жеринен угуу, айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен таанышуу жана аларды чечүүгө көмөктөшүү, ошондой эле жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын камсыздоо жана кайрылууларын ыкчам кароо.

Жыйындын жүрүшүндө Миң-Кушта жүргүзүлүп жаткан иштер, социалдык-экономикалык өнүгүү, инфраструктура, жолдор, таза суу жана башка жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Жергиликтүү тургундар бар көйгөйлөрүн айтып, өз сунуштарын киргизишти.

Тиешелүү мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерине бир катар маселелер боюнча тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынды.

Мындан тышкары, райондун прокурору жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, мыйзамдуулукту камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу маселелерин түшүндүрүп берди.