Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, учурда объектидеги курулуш-монтаждоо иштери акыркы этабында турат.

Ведомствонун берген маалыматында, ичүүчү суу менен камсыздоонун негизги тармагын орнотуу 100 пайызга аткарылган. Учурда подряддык уюмдун адистери системанын бириктирүүчү элементтерин монтаждоодо.

Мындан тышкары, суу менен камсыздоо инфраструктурасынын объекттеринин айланасына коргоочу тосмолорду орнотуу иштери уланууда.

Бардык курулуш-монтаждоо иштери аяктап, объекти пайдаланууга берилген соң, Камыш-Башы айылынын тургундары санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген туруктуу таза суу менен камсыз болушат.