Ош облусунда 4-ноябрда Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын Гулбаар айылында таза суу объектилеринин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле салтанаттуу иш-чаралар облустун башка райондорунда — Ноокат, Кара-Суу, Алай жана Үзгөн райондорунда да өттү. Иш-чараларга Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев онлайн форматта катышты.

Калкты сапаттуу таза суу менен камсыздоо иштери мындан ары да улантылат
Адылбек Касымалиев, Министрлер Кабинетинин төрагасы

Долбоордун алкагында Керме-Тоо айыл аймагынын Гулбаар айылынын 12 180 тургуну таза суу менен камсыз болду. Суу Жаңы Жол, Пахта Арал, Жаштык, Жеңиш, Манас жана Бирлик участкаларына киргизилди.

Бул күнү Ош облусу боюнча жалпысынан 32 544 адам таза суу менен камсыз болду. Беш райондун 11 айылына таза суу киргизилди.

Айылдар боюнча таза суу менен камсыз болгон тургундар

12180Гулбаар айылы
5317Октябрь жана Жылкелди айылдары
4458Кум-Шоро, Кара-Суу, Кенжебай, Октябрь айылдары
3022Согонду айылы
3810Интернационал айылы
2552Кашкалдак айылы
1205Семиз-Көл айылы

Суу киргизилген айылдар

  • Араван району: Керме-Тоо айыл аймагынын Гулбаар айылы — 12 180 тургун
  • Кара-Суу району: Савай айыл аймагынын Октябрь айылы жана Ала-Тоо айыл аймагынын Жылкелди айылы — 5 317 тургун
  • Алай району: Гүлчө шаарына караштуу Кум-Шоро, Кара-Суу, Кенжебай жана Октябрь айылдары — 4 458 тургун; Жибек-Жолу айыл аймагынын Согонду айылы — 3 022 тургун
  • Ноокат району: Зулпуев атындагы айыл аймагынын Интернационал айылы — 3 810 тургун; Зулпуев атындагы айыл аймагынын Кашкалдак айылы — 2 552 тургун
  • Үзгөн району: Кара-Шоро айыл аймагынын Семиз-Көл айылы — 1 205 тургун