Ош облусунун беш районундагы 11 айылга таза суу жеткирилип, 32 544 тургундун ичүүчү суу маселеси чечилди. Жаңы суу объекттеринин ачылыш аземдерине Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев онлайн катышты.
Ачылыш аземдеринин бири Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагына караштуу Гүлбаар айылында өттү. Долбоордун алкагында айылдын 12 180 тургуну таза суу менен камсыз болду. Анын ичинде Жаңы Жол, Пахта-Арал, Жаштык, Жеңиш, Манас жана Бирлик участокторуна суу жеткирилди.
Мындан тышкары, таза суу объекттери Кара-Суу, Алай, Ноокат жана Өзгөн райондорунда да пайдаланууга берилди.
- Кара-Суу районунун Савай айыл аймагындагы Октябрь жана Ала-Тоо айыл аймагындагы Жылкелди айылдарына;
- Алай районундагы Гүлчө шаарына караштуу Кум-Шоро, Кара-Суу, Кенжебай, Октябрь айылдарына жана Жибек-Жолу айыл аймагындагы Согонду айылына;
- Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагындагы Интернационал жана Кашкалдак айылдарына;
- Өзгөн районунун Кара-Шоро айыл аймагындагы Семиз-Көл айылына таза суу жеткирилди.
Таза суу менен камсыз болгондор
- Гүлбаар айылы (Араван району) — 12 180 тургун
- Октябрь жана Жылкелди айылдары (Кара-Суу району)
- Кум-Шоро, Кара-Суу, Кенжебай, Октябрь жана Согонду айылдары (Алай району)
- Интернационал жана Кашкалдак айылдары (Ноокат району)
- Семиз-Көл айылы (Өзгөн району)














