Ош облусунун Араван районундагы Добо-Коргон айыл аймагында таза ичүүчү суу маселеси олуттуу көйгөй жаратып келген. Убакыт өткөн сайын эскирген суу түтүктөрү үзүлүп, жергиликтүү калк 2–3 күнгө чейин суу алууга мүмкүнчүлүк болбой кыйналчу.
Айыл өкмөт башчысы Самат Думуровдун билдирүүсүнө караганда, көйгөйдү чечүү максатында 10 миң метр суу түтүгү сатып алынган жана бул иштерге аймактык бюджеттен 3 миллион сом бөлүнгөн.
Азыркы учурда үч айыл таза суу менен толук камсыз болуп, суу түтүктөр орнотулуп бүткөн. Калган эки айылда да суу түтүктөрүн тартуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жаңы түтүктөр заманбап технологияга ылайык, узакка кызмат кылуучу материалдардан жасалган.

