Жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана комиссиянын мүчөсү Тимур Оторбаев катышты.
Жыйындын жүрүшүндө шайлоону мыйзам талаптарына ылайык өткөрүү, шайлоочулардын укуктарын камсыз кылуу жана шайлоо тилкелеринин даярдыгы сыяктуу маселелер каралды.
Ошондой эле мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн милдеттери жана өз ара аракеттенүүсү талкууланды.
Жыйынтыгында президенттик шайлоого даярдык көрүү жана аны мыйзам талаптарына ылайык өткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.




















