Бишкек, 05.11.26. Кыргызстандын 70 калктуу конушунда таза суу системалары бир эле учурда ишке киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Салтанаттуу ачылыш азем Каракол шаарында өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дуйшеев катышты.
Облустар боюнча бөлүштүрүү
Объектилердин ишке кириши 200 миңге жакын жарандын санитардык-эпидемиологиялык абалын жана жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Министрлик белгилегендей, өлкөдө суу менен камсыздоо инфраструктурасын модернизациялоо боюнча системалуу иштер жүрүп жатат. 2021–2026-жылдары долбоорлор 264 айылда ишке ашып, анын аркасында 660 миңден ашуун адам коопсуз таза сууга жеткиликтүү болду.
Учурда өлкөнүн 25 шаарында жана 773 айылында курулуш иштери жүрүүдө. Калкты таза суу менен камсыз кылуу жана суу чыгаруу инфраструктурасын өнүктүрүү иштери Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында улантылат.

































