Бишкекте маданият кызматкерлерин сыйлоо аземи өттү. Анда «Умай эне жарыгы» коомдук фондунун төрайымы Азим Жакшылыковага «Маданияттын отличниги» төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу ал «Кабар» маалымат агенттигине билдирди.

Фонд 1996-жылы негизделип, ишке кирген. Ошондон бери мүмкүнчүлүгү чектелген жана пенсия курагындагы адамдарга ар кандай кол өнөрчүлүк түрлөрү үйрөтүлөт. Алар сайма сайып, шырдак, панно жасоо менен алектенишет.

Биздин максат — адамдарга кол өнөр үйрөтүү эле эмес, алардын өз эмгеги менен акча табышына шарт түзүү. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу иш-чаралар буюмдарды сатууга жакшы мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада алар өздөрү акча табышат.
Азим Жакшылыкова, «Умай эне жарыгы» фондунун төрайымы

Мындан тышкары, фонддо жаа атуу боюнча машыгуулар уюштурулуп, ден соолукту чыңдоо жана туура тамактануу боюнча сабактар өткөрүлөт.

Маданияты жок мамлекет болбойт. Мамлекет маданияттын аркасында өнүгүп, өсөт. Ошондуктан биз өзүбүздүн улуттук маданиятыбызды сактап, аны башкаларга көрсөтүшүбүз керек.

Жакшылыкованын айтымында, фонд адамдарга кол өнөр үйрөтүү менен гана чектелбей, алардын эмгегинен киреше табуусуна өбөлгө түзөт. Бул үчүн түрдүү көргөзмөлөр жана жарманкелер пайдаланылат.