Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектеги Чыгыш айланма автомобиль жолунун курулушунун жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолдун көрсөткүчтөрү

  • Жолдун жалпы узундугу 16,2 чакырым
  • Төрт тилкелүү, жүрүү бөлүгүнүн туурасы 14 метр
  • Жол кырларынын туурасы 2,5 метр

Долбоордо ири инженердик курулуштарды, транспорттук жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу каралган.

Адылбек Касымалиев объектти көргөндөн кийин жооптуу мамлекеттик органдарга жана подрядчыларга курулуш нормаларынын сакталышын камсыздоону жана ишти белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды.

Адылбек Касымалиев жооптуу мамлекеттик органдарга жана подрядчыларга курулуш нормаларынын сакталышын камсыздоону жана ишти белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды.
Министрлер кабинетинен билдиришти

Бирок Чыгыш айланма жолунун курулушун бүтүрүүнүн так мөөнөтү айтылган жок.