Мурда аталган ишкананы Бердибек Жусупов жетектеп келген. Эми анын ордуна Таалайбек Кучмуратов келди.

Таалайбек Кучмуратов 1967-жылы 4-апрелде Жумгал районунун Байзак айылында туулган. Жогорку билимдүү, адистиги — юрист.

Эмгек жолу

Эмгек жолун 2002-жылы Байзак айыл өкмөтүндө экономист-статист болуп баштаган. Кийинчерээк Жумгал райондук токой чарбасында инженер, Жумгалдын жылуулук менен камсыздоо тармагында директор, Байзак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.

2023-жылы Көк-Ой айыл өкмөтүнө дайындалып, май айына чейин иштеген. Андан соң сентябрда Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 2026-жылдын июнуна чейин кызмат аткарган. 19-октябрда «Таза Кайырма» муниципалдык ишканасынын жетекчилигине бекитилген.

Айыл өкмөтүнө чейин Байзак айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты болгон. Учурда «Машфара» коомдук бирикмесин жетектейт.

Үй-бүлөлүү, бир кыз, үч уулдун атасы.