Бул тууралуу министр маданият кызматкерлерин сыйлоо аземи учурунда билдирди. Анын айтымында, маданият тармагын өнүктүрүүгө өлкөдө өзгөчө көңүл бурулууда.
Каржылоонун динамикасы
Маданият тармагын каржылоо
1 января 2020 г. — 1 января 2026 г.: 2 300 000 000,0 сом → 10 000 000 000,0 сом
| Күнү | Бюджет |
|---|---|
| 1 января 2020 г. | 2 300 000 000,0 сом |
| 1 января 2026 г. | 10 000 000 000,0 сом |
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
| Күнү | Бюджет |
|---|---|
| 2020 | 2 300 000 000 сом |
| 2026 | 10 000 000 000 сом |
2020-жылы маданият тармагына 2 миллиард 300 миллион сом бөлүнгөн. Быйылкы жылга бекитилген бюджет 10 миллиард сомдон ашты.
Министрдин маалыматы
Маданият — бул улуттун руханий өнүгүүсү жана мамлекеттин жүзү. Ал элдин тарыхын, салттарын жана баалуулуктарын муундан муунга өткөрүп келе жаткан күч.
Министр ошондой эле президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен тармакты каржылоо көбөйүп, материалдык-техникалык база бекемделип жатканын белгиледи.
Кызматкерлердин эмгек акысы жана техникалык жабдуулар
Быйыл маданият кызматкерлеринин эмгек акысы 100% көтөрүлдү. Мындан тышкары, райондук жана облустук маданият мекемелеринин жетекчилерине 117 унаа тапшырылды.
Тармакка берилген жабдуулар
Жакында эле музыкалык билим берүү мекемелерине 21 музыкалык аспаптар комплекти берилди. Кийинки жылы республикадагы 100дөн ашык музыкалык мектептерди аспаптар менен камсыздоо пландалууда.
Региондордогу маселелер
Министр региондордо эскирип, оңдоого муктаж болгон маданият мекемелеринин имараттары бар экенин айтты. Аларды этап-этабы менен оңдоп, шарттарды жакшыртуу пландалууда.
Албетте, жер-жерлерде чечилиши керек болгон маселелер бар. Аймактарда эскирип, оңдоого муктаж болгон маданият мекемелеринин имараттары бар. Биз аларды этап-этабы менен оңдоп, шарттарды жакшыртабыз.



















