Өкмөт башчынын куттуктоосунда маданият элдин жүзү, мамлекеттүүлүктүн руханий өзөгү жана элдин тарыхый эс тутуму экени белгиленди. Ал өз тилин, тарыхын, каада-салтын жана руханий баалуулуктарын сактаган эл гана дүйнөлүк цивилизацияда татыктуу орун ээлей аларын кошумчалады.
Маданият — бул улуттун жүзү, мамлекеттүүлүктүн руханий өзөгү жана элдин тарыхый эс тутуму.
Куттуктоодо кыргыз элинин көп кылымдык тарыхы бар экени, анын ичинде «Манас» эпосу, күүлөр, элдик обондор, өзгөчө адабият, кол өнөрчүлүк жана сүрөт искусствосу дүйнөгө тартууланганы айтылды. Бул баа жеткис мурасты сактоо, өнүктүрүү жана келечек муундарга өткөрүп берүү маданият кызматкерлеринин жогорку милдети экени баса белгиленди.
Андан тышкары, илим менен техниканын тез өнүгүшү экономикалык интеграциянын биринчи толкунун жаратып, адабият, театр, опера, балет жана кино өнөрүндө европалык маданий стандарттардын үстөмдүгүнө алып келгени белгиленди. Бүгүнкү күндө глобалдашуунун жаңы толкуну шартында маданияттардын өз ара аралашуусу улуттук өзгөчөлүктү сактоо маселесин курч койду.
Өкмөт башчы маданият кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, алардын күнүмдүк тырышчаак эмгеги мамлекет тарабынан өзгөчө бааланарын белгиледи.


















