Лекциянын жүрүшүндө искусство жана адабият чыгармаларында майыптуулуктун чагылдырылышынын өзгөчөлүктөрү, адамдардын дүйнөнү кабыл алуусундагы айырмачылыктар талкууланды. Иш-чаранын максаты — маданият мекемелеринде инклюзивдүү мамилени өнүктүрүү жана майыптуулугу бар адамдарга урмат-сый маданиятын калыптандыруу болду.
Жолугушууда музейдин директору Назгүл Өмүрзакова, сокурлар жана дүлөйлөр үчүн республикалык атайын китепкананын директору Кундуз Касымбаева, майыптуулук маселелери боюнча эксперт Рахат Орозова жана Канададан келген эл аралык эксперт Альфия Баталова сөз сүйлөштү.
Музей директору инклюзивдүү чөйрөнүн маанисин баса белгиледи
Иш-чараны ачып жатып, музейдин директору Назгүл Өмүрзакова майыптуулугу бар адамдардын укуктарын камсыз кылуунун жана маданият мекемелеринде инклюзивдүү чөйрө түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, тоскоолдуксуз шарттарды түзүү инфраструктураны ыңгайлаштырууну гана эмес, кызматкерлерди окутууну, ошондой эле маалыматтык материалдардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну да камтыйт.
Иш-чара «Майыптуулуктун адабиятта жана искусство мейкиндигинде чагылдырылышы» эл аралык демилгесинин алкагында өттү. Долбоор Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Анын өнөктөштөрү — «Кудук» фонду — маданий борбор, «СТАН» жаштар уюму жана «Маданият жана менеджмент лабораториясы».










