Бишкекте Маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага маданият тармагынын өкүлдөрү, артисттер жана чыгармачыл жамааттар катышты.
200дөн ашык адам сыйланды
Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, 200гө жакын артист жана чыгармачыл тармактын өкүлү сыйлыктарга, ардак грамоталарга жана ардак наамдарга ээ болду. Алардын арасында белгилүү ырчылар Айбек Бакытбеков жана Бек Исраилов да бар.
Алар эл аралык сынактарга катышып, кыргыз маданиятын чет өлкөлөрдө таанытуудагы жетишкендиктери тууралуу айтып беришти.
Маданиятты каржылоо өстү
Иш-чарада тармактын өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылды. Маданият министрлиги билдиргендей, тармакка бөлүнгөн каражат 10 миллиард сомдон ашты. Апрель айынан баштап маданият кызматкерлеринин айлык акысы 100%га жогорулады.
10 миллиард сом Маданиятка жумшалган каражат
Негизги көрсөткүчтөр

















