Президент Садыр Жапаров Манас жана Айтматов райондорунун тургундары менен жолугушууда Аманбаев айылынын тургунунун арызын укту. Аял мурда китепкана жана медпункт катары колдонулган, азыр өзүнө таандык 1,5 гектар жер участогу боюнча кайрылган.
Анын айтымында, бул участокту 1990-жылдары колхозго таандык жерлер сатыкка коюлганда сатып алган. Учурда анда мыйзамдуу документтери бар. Бирок имаратты оңдоп, керектүү кагаздарды чогулткандан кийин ага кысым көрсөтүлө баштаган.
Президенттин тапшырмасы
Мамлекет башчысы имараттын сатылышы мыйзамсыз болгонун белгилеп, анын наркын ошол кезде объектини саткан айыл өкмөтү төлөп бериши керектигин баса белгиледи. Ошондой эле облус башчысына маселени жер-жеринде ар тараптуу карап чыгууну жана облустук деңгээлде түзүлгөн комиссиянын корутундусун даярдоону тапшырды.
Мындан тышкары, Жапаров Жогорку Сот ишти адилеттүү карашы зарылдыгын айтты.




















