Маданият кызматкерлерин сыйлоо кечесинде ырчы Азат Раимбердиевге «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси тапшырылды. Сыйлыкты алгандан кийин ал Маданият министрлигине ыраазычылык билдирип, тармактын келечеги тууралуу ой бөлүштү.
Раимбердиевдин айтымында, өлкөдө спортко көбүрөөк көңүл бурулуп, маданият экинчи планда калып жаткандай сезилет. Бирок маданият — улуттун жүзү, элдин өзөгү экенин эстен чыгарбоо керек.
Кээде өлкөдө спортко көбүрөөк көңүл бурулуп жаткандай таасир калтырат. Бирок маданият спорт менен тең турат. Анткени маданият — бул элибиздин жүзү, улуттун өзөгү. Бизде көптөгөн өнөр адамдары бар. Алардын чыгармачылыгы аркылуу дүйнөнү Кыргызстан менен тааныштырууга болот.
Ырчы эл аралык сынактардагы ийгиликтердин маанисине токтолду. Алсак, «Интервидение» сынагында Кыргызстандын өкүлдөрү экинчи орунду ээлеп, өлкөнүн маданий дараметин далилдешти. Раимбердиев муну Кыргызстанды чет өлкөлөргө таанытуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк деп эсептейт.
Бул Кыргызстандын чет өлкөдө таанылышы үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Мындай эл аралык сынактардын аркасында биз дүйнөгө өзүбүздүн таланттарыбызды жана маданиятыбызды көрсөтө алабыз. Ошондуктан маданиятка өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Бул сыйлык маданият тармагынын өкүлдөрүнүн эмгегинин бааланышы гана эмес, ошондой эле тармакты өнүктүрүүгө жаңы дем берүүчү кадам катары кабыл алынды.



















