Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушунда жайгашкан турак жай комплексинин курулушу 2013-жылдан бери бүтпөй келе жатат. Бул маселени чечүү үчүн Курулуш министри Нурдан Орунтаев объект менен таанышып, үлүш ээлери менен жолугушту. Жолугушууда министр мамлекет курулушту бүтүрүүгө инвестор тартууга даяр экенин билдирди.

Молдокулов көчөсүндө жайгашкан турак жай комплексинин курулушун «Кыргыз-Арабиан Альхнейзи» жана «ОППС Строй» компаниялары баштаган. Бирок объект ушул күнгө чейин пайдаланууга берилбей, үлүш ээлери батирлерин ала албай келишет.

Мамлекет бул демилгеден пайда табууну көздөбөйт. Негизги максат — жарандардын көйгөйүн чечип, турак жайды бүтүрүү.
Нурдан Орунтаев, Курулуш министри

Үлүш ээлери бул сунушту колдой тургандыктарын билдиришти. Алар объектти министрликтин карамагына өткөрүүгө макул экенин расмий кат жүзүндө билдирип, тиешелүү кайрылуу жолдошмокчу.

Мындан тышкары, курулуш компанияларынын ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

«Солнечный» турак жай комплекси боюнча да сунуш

Ошондой эле министр Бишкекте бир нече жылдан бери батирлерин ала албай жүргөн «Солнечный» турак жай комплексинин үлүш ээлери менен да жолукту. Жолугушууда курулушту аягына чыгаруу үчүн объектти мамлекеттин карамагына өткөрүп, иштерди министрликтин көзөмөлү алдында бүтүрүү сунушталды.

Орунтаевдин айтымында, үлүш ээлери бул сунушту колдосо, эки айдын ичинде компанияны мамлекетке өткөрүү маселеси чечилет. Турак жайдын курулушун беш айда толук бүтүрүү пландалууда. Курулушту аяктоого керектелген кошумча чыгымдар эсептелип, ар бир үлүш ээсине төлөй турган суммасы аныкталат. Жарандар бул каражатты бир жыл ичинде төлөп бүтүрө алышат.

«Солнечный» турак жай комплексин «Бренд Хаус» жана «Эмаком» компаниялары биргелешип курган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Курулуш министрлиги курулушу токтоп калган объектилерди бүтүрүү жана үлүш ээлеринин көйгөйлөрүн чечүү иштерин жүргүзүүдө.