Бишкекте 4-ноябрда Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин ишине арналган консультациялар өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун профилдик департаменттеринин жетекчилери катышты. Тараптар Коопсуздук Кеңешинин ишмердүүлүгүн жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Консультациялардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Орусия БУУнун алкагында өз ара аракеттенүүнү улантууга, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча позицияларды макулдашууга даяр экендиктерин ырасташты.

Кыргызстан Коопсуздук Кеңешине биринчи жолу мүчө болот

Кыргызстан 2026-жылдын 3-июнунда тарыхында биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланган. Өлкө өз ыйгарым укуктарын 2027-жылдын 1-январынан тартып аткара баштайт. Мүчөлүк мөөнөтү эки жылды түзөт.