Министр Нурдан Орунтаев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен үлөшчүлөр менен жолугушуп, объектини эксплуатацияга берүү жолдорун талкуулады.
Курулуш иштери Куйручук көчөсү, 197/2 дарегинде жүргүзүлүп, 2022-жылдан бери токтоп турат. Долбоордо «Эмаком» жана «Ханстрой» жоопкерчиликтүү компаниялары иштеген.
Министр үйдү инвестор тартуу менен министрликтин карамагына өткөрүп берүүнү сунуштады. Анын айтымында, башкы максат — үлөшчүлөрдү турак жайсыз калтырбоо жана имаратты эксплуатацияга киргизүү.
Үлөшчүлөр сунушту колдоп, мыйзамда белгиленген тартипте объектини министрликке өткөрүп берүүгө жазуу жүзүндө макулдук берүүгө даяр экенин билдиришти.
Жолугушууда жарандар министрге суроолорун берип, жоопторду алышты. Курулуш министрлиги ошондой эле курулуш компанияларынын ишин укуктук баалоо үчүн материалдарды укук коргоо органдарына өткөрөт.






























