4-ноябрда кечки саат 19:30га карата Бишкек дүйнөдөгү ири шаарлар арасында абанын сапаты боюнча 13-орунда турду. Бул маалымат реалдуу убакыт режиминде жаңыланып турган World Air Quality сайтында көрсөтүлгөн.

Бишкектеги абанын сапаты

94AQI индекси
13Дүйнөлүк рейтингдеги орду
19:30Маалымат алынган убакыт

Абанын сапатынын индекси (AQI) алты категорияга бөлүнөт жана ар бир категория ден-соолукка коркунучтун күчөгөн деңгээлин көрсөтөт. Эгер AQI 300дөн ашса, абанын сапаты коркунучтуу деп эсептелинет, ал эми 50дөн төмөн болсо — жакшы.

Бишкектин абасынын сапаты «орточо» деп белгиленди. Бул категория абанын сапаты канааттандырарлык экенин, бирок айрым сезгич топтор үчүн ден-соолукка таасир этиши мүмкүн экенин билдирет.