Министрликтен билдиришкендей, эң эски курулуштардын бири «Көк-Жар» жаңы конушундагы Молдокулов көчөсүндө жайгашкан. 360 батирлүү комплекстин курулушу 2013-жылы эле башталган. Ишти «Кыргыз-Арабиан Альхнейзи» жана «ОППС Строй» ЖЧКлары жүргүзгөн.
Министр Нурдан Орунтаев курулушту аяктоо үчүн министрлик тараптан инвестор тартуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Үлөшчүлөр демилгени колдоп, объектти Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүп берүүгө жазуу жүзүндө макулдук берүүгө даяр экенин билдиришти.
Мичурин көчөсүндөгү курулушту мамлекеттик колдоо менен бүтүрүү сунушталды
Дагы бир көйгөйлүү объект Мичурин көчөсү, 121б дарегинде жайгашкан. Эки блоктон турган тогуз кабаттуу үйдү 2021-жылы «Эксперт Строй» жана «Гидротехстрой» ЖЧКлары кура баштаган. Бирок иш токтоп, үлөшчүлөр алиге чейин батирлерин ала элек. Аталган үйдө 169 батир каралган.
Министр үйдү мамлекеттик колдоо менен бүтүрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Эгер жарандар бир пикирге келип, макулдук берсе, курулуш компанияларына сырткы башкаруу киргизилет.
Кээ бир үйлөр боюнча үлөшчүлөр курулушту өздөрү бүтүрүүнүн варианттарын сунушташкан.
Жибек Жолу проспектисиндеги үй боюнча үлөшчүлөр өз вариантын сунуштады
Жибек Жолу проспектисинин 295 жана 297 даректериндеги үй боюнча үлөшчүлөр башкача вариантты киргизишти. 80 батирлүү үйдүн курулушу 2018-жылы башталып, ага 100гө жакын үлөшчү катышкан.
Министрлик бардык аталган объектилер боюнча сырткы башкаруу киргизүүнү иштеп чыгууну жана укук коргоо органдарына кайрылууну пландоодо.

















